• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Дзюдо боюнча Азия чемпионатын өткөрүү боюнча уюштуруу комитеттин жыйыны өттү

Спорт 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевдин төрагалыгы алдында дзюдо боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитеттин жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Жыйынга Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев катышты. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү Бишкек шаарында 2021-жылдын апрелине пландалган мелдешке карата даярдыктарды талкуулашты.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер жана эркектер арасында дзюдо боюнча Азия чемпионатын 5-10-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий