• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында пара шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 07.05.24. / Кабар/. Ош шаарында пара шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеште өлкөнүн бардык аймактарынан келген 100дөн ашык спортчу күч сынашууда.

Чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Гүлбарчын Молдоева, Пара шахмат федерациясынын президенти Эрмек Мукашев жана спортчулар катышты.

5-майдан башталган мелдеш 9-майда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий