• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы Дүйнө чемпионатында 1 алтын жана 3 коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат.

65 кг чейинки салмакта Артур Акопян алтын медаль тагынды. Ал эми 48 кг чейинки салмакта Арлен Уланов, 55 кг чейинки салмак категориясында Тариэл Садырбеков жана 71 кг чейинки салмакта Бексултан Садыралиев коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, курама командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи. Ошондой эле 1-орунду Казакстан жана 3-орунду Армения өлкөсү камсыз кылды.

Эскерте кетсек, чемпионат 3-сентябрда башталып, 11-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий