• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы “CAFA Women’s Championship” мелдешинде Афганистанды жеңди

Спорт 0

Бишкек, 28.11.18 /Кабар/. Кыз-келиндердин футбол боюнча Улуттук командаларынын “CAFA Women’s Championship 2018 Uzbekistan” мелдешинде Кыргызстандын курамасы Афганистанды утуп алды.

Оюн 1:0 эсебинде аяктап, жалгыз голду Бактыгүл Токтоболотова пенальтиден киргизген.

Биринчи оюнунда Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп калган.

Эске сала кетсек, 23-ноябрдан 1-декабрга чейин Ташкент шаарында кыз-келиндердин футбол боюнча Улуттук командаларынын “CAFA Women’s Championship 2018 Uzbekistan” мелдеши өтүп жатат.

Таймашка Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан жана Ирандын командалары катышууда. Футболдук беттештердин баары “Миллий” стадионунда өтүүдө.

Биринчиликте оюндар айлампа түрүндө өтүп жатат. Курамалар бир айлампа ойноп, көбүрөөк упай топтогон курама жеңүүчү аталат.

Пикир

Оставить комментарий