• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда кыздар интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды (сүрөт)

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.17. /Кабар/. Жалал-Абадда кыздар интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды, - деп билдирет Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, криминалдык милиция кызматы оперативдүү маалыматтардын негизинде иш алып барып, Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жайды аныкташкан. Маалым болгондой андагы ээси колундагы кыздарга кордук көрсөтүп, зомбулукка салып иштетип жүргөн.

"Атайын ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, бир топ далилдер менен сойкулук менен алектенген бир топ кыздарды жана иштетип жүргөн ээсин аныкташты", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 261-беренесине ("Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү") ылайык кылмыш иши козголду.

"Алардын ичинен алгачкы тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, жашыруун жайды уюштурган айым кыздарга жумуш таап берем деп алдап, аларды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан камап алып, күн көрсөтпөй сойкулукка мажбурлап ошол жерде иштетип жүргөндүгүн билдиришти. Алардын арасынан 3 кыз кожойкелеринен жабыр тартып, ырайымсыз кордукка кабылгандыгын билдирип, облусттук милицияга арыз жазып тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти милициядан.

Учурда жабыр тарткан кыздар менен психологдор жумуш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий