• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте пара сууда сүзүү боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.04.24./Кабар/. Борбор калаада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында пара сууда сүзүү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдешке 40тан ашык спортчу катышты.

Катышуучулар 25, 50,100 метр аралыктарга эркин сууда сүзүү жана далы менен сүзүү ыкмаларында жарышуу болду.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментин колдоосу менен Кыргызстандын майыптар арасында сууда сүзүү коомдук бирикмеси уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий