• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда селдин кесепеттери жоюлууда

Аймак 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Жалал-Абадда селдин кесепеттери жоюлууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-майга караган түнү саат 02:35тер чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолуна колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.

Учурда жерине 1 жүктөгүч тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий