• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министрлиги Чүй облусунда 10 үй-бүлөгө күн батареясын орнотот

Аймак 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Энергетика министрлиги кубаттуулугу саатына 10 кВт түзгөн күн электр станцияларын сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, пландалган сумма - 9 млн 910 миң 300 сомду түзөт, сынактык азыр берүү мөөнөтү - 20-апрелге чейин.

Сатып алуу боюнча маалыматта электр станциялар Жайыл районундагы 5 үй-бүлө жана Чүй районунданы 5 үй-бүлө үчүн орнотулары айтылган.

Белгиленгендей, сатып алуу министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондундагы каражаттын эсебинен жүзөгө ашырылууда.

Эске салсак, буга чейин Эмгек жана Энергетика министрликтери "Нур Кубат" пилоттук долбоорун ишке киргизип жатканы маалымдалган. Анын алкагында Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн күн батареялары бекер орнотулат. Пилоттук долбоор Чүй облусунун эки районунда ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий