• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таш-Көмүрдө дээрлик 3 кг гашиш сатууга аракет кылган күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында дээрлик 3 кг гашиш сатууга аракет кылган күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Узак мөөнөттүү атайын операциянын жүрүшүндө баңгизаттын оор түрлөрүн жеткирүү каналын уюштурган трансулуттук баңги тобунун ишине бөгөт коюлду.

Таш-Көмүр шаарында ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө гашиш сатууга аракет кылган учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашаган 68 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалган. Андан салмагы 2 кг 935 гр түзгөн баңгизаты алынган.

Тергөө учурунда кармалган жаран 2009-жылы Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан баңгизатка байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн камалып, 2017-жылы бошотулгандыгы, ошондой эле ал күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери болгондугу аныкталды.

Мындан аркы издөө иш-чараларын жүргүзүүдө баңги тобунун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын бири Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган А.С. кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (“Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) каралган кылмыштын белгилери менен иш козголду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий