• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сокулуктан 2 млн сомдон ашуун акчасы бар сейфти уурдагандар Оштон кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. Сокулукта 2 млн сом акчасы бар темир сейфти уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде М.Д. аттуу жаран Сокулук райондук милициясына кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 04:00 чамасында Фрунзе айылындагы "Б-Д" Агро-маркетинин кеңсенине мыйзамсыз кирип, темир сейфти уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучунун маалыматына караганда, сейфтин ичинде 2 млн сомдон ашуун каражат болгон.

Аталган факт Сокулук РИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары 1979-жылы туулган Э.Ж. жана 1986-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар аныкталып, алар Ош шаарынын аймагында кармалган.

Кийин кармалган Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, унаа атайын айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Мындан тышкары, шектүүлөрдүн бири Б.А. аттуу жаран 2023-жылдын июль айында Токмок шаарындагы ишканалардын биринен 60 миң доллар жана 1,5 млн сом акча уурдоого тиешеси бар экендиги аныкталып издөөдө жүргөнү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин катоосунда тургандыгы аныкталган.

Учурда бул жарандардын башка кылмыштарга катыштыгы текшерүүгө алынып, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий