• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Сүйлөшкөн кызын сатып алуу үчүн жигиттен $3 миң талап кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Сүйлөшкөн кызын сатып алуу үчүн жигитинен 3 миң АКШ долларын опузалап талап кылган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Малика" аттуу белгисиз адамга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү суранган. Анткени алар арыздануучунун сүйлөшкөн кызы үчүн 3 миң доллар опузалап талап кылып, бирөөсү өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө арыздануучудан 25 миң сом акча каражатын алган жеринен Чүй облусунун тургуну 2004-жылы туулган М.С. (жалган милиция кызматкери) менен шаардын тургуну 1992-жылы туулган Т.М. кармашкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кыз уктап калган учурунда чала тааныштары жеңил акча табуу максатында кыздын жигитине чалышып, акча каражатын опузалап талап кылышкан.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук милициясы тарабынан КРКылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий