• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Мындай баага андан да жакшы ЖЭБ курууга мүмкүн болчу - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү иштери уланууда. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүн күбө катары ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Өмүркул уулу сурак берүүдө.

Анын айтуусу боюнча, ЖЭБдин аймагында биринчи катарга жаңы блогдорду тургузушмак, экинчисине – өзүн-өзү камсыздаган турбиналарды, от казандарды.

“Биринчи жана экинчи катар ишин аткарып, 30 жыл кызмат кылып, жабдыктарды которуу убагы келген. “Электр станциялары” ишканасы тарабынан модернизация боюнча топ түзүлүп, анын ичине дирекция кирген. Арасында Бримкулов да бар болчу. Алар ошол долбоорго жооптуу адамдар болчу”, - дейт күбө.

Кийин аларга техникалык тапшырма даярдоо тапшырмасы берилген. Ал топтун ичине цехтердин жетекчилери кирген.

“Биз ошол бөлүгүнө гана катышкан элек. Техникалык тапшырмасында химцехтин кубаттуулугу саатына 500 кубаметрди түзсө, иш жүзүндө ал көрсөткүч 280 гана болгон. Долбоорду кабыл алганга чейин химцех даяр эмес болгон. Чечим 2017-жылы кабыл алынып, биринчи түрттүрүү ошол жылдын күз мезгилинде башталган”, - дейт инженер.

Нурлан Өмүркул уулу белгилегендей, ошол кезде бааларды жогорулатуу болгон. Мисалы, сөйкө деген түшүнүк бар –ал техникага 100 миң доллар өлчөмүндөгү каражат королгон, турбиндик май андан да жогору турган, ливи – 200 миң доллар.

“Мындайча айтканда эки эселенген эсеп жүргөн. Мисалы, ошол эле 640 долларга алынган аттиштер. Чындыгында алардын баасы 320 доллар. ЖЭБ техникалык жактан өзүн-өзү камсыздаш керек болчу, бирок көп маселе жаралып, алар жылуулук берүүнү кургулары келген эмес. Бизге материалдарды алып келип, бирок монтаждык иштерди баштабай келишкен. Контракт боюнча, жылуулук тармактарынын жабдыктары жылуулукту баардык жакка бериши керек эле, бирок ал эки гана линияга берген. Алар электр энергия боюнча гана баардык иштерди жүргүзүшкөн”, - дейт ал.

Күбө белгилегендей, мындай баага мындан да жакшы ЖЭБ курууга мүмкүн болчу.

Эске сала кетсек, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий