• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 3,7 миң мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 2024-жылдын башынан бери 3 мин 754 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖККБББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 65 мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, андан 117 жаран ар кандай жаракаттарды алып, эки киши көз жумган.

ЖККБББ мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратыларын эскертип, мас абалында унаа башкаруу коомго коркунуч алып келээрин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий