• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки адам таксистти өлтүрүүгө аракет жасашкан – бирөөнүн криминал менен байланышы бар

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Бишкекте эки адам таксистти өлтүрүүгө аракет жасашкан. Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-январь күнү саат 04:30 чамаларында эки бейтааныш жаран Ош базар тараптан таксиге отуруп, шаардын четиндеги айылдардын бирине жеткирүүнү суранышкан. “Калыс-Ордо” жаңы конушуна келгенде алар 35 жаштагы таксистке кол салышкан.

“Жаңы конушка жеткенде кардарлар таксистти бычак жана тапанча менен коркутуп, унааны токтотууну талап кылышкан. Айдоочу алардын колунан чыгып, ал жерден качып кеткенге үлгүргөн. Каракчылар артынан кубалап, ок чыгарышкан”, - деп берилет маалыматта.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Биринчи май райондук милиция тарабынан сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 28 жаштагы С.А. жана О. Уулу А. аттуу Нарын облусунун тургундары кармалган. Экөө тең буга чейин соттолгондугу аныкталган.

Криминалдык милиция кызматы билдиргендей, С.А. аттуу жаран ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турат.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий