• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте телефон алдамчылык менен алектенген дагы 3 жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бишкекте эл аралык алдамчылык кылмыш тобунун дагы үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Белгиленгендей, 15-мартта Бишкек шаарынын райондук сотторунун биринин тергөө судьясынын чечими менен 2002-жылы туулган А.Э., 2004-жылы туулган Е.Г. жана 2004-жылы туулган А.М. аттуу телефондук алдамчылыкка шектелип кармалган жарандарга карата камакка алуу чарасы тандалды.

Бул үч жаран февраль айынын ортосунда болгон телефон алдамчылык фактылары боюнча кармалган.

Буга чейин маалым болгондой, 2024-жылдын 16 жана 17-февралында шылуундар тобу улгайган тургундарды алдоого жетишкен, анда телефон аркылуу туугандары жол кырсыгына кабылганын маалымдап, чабармандар аркылуу акча каражатын берүүнү суранышкан. Ошентип алар алданган тургундардын жарым миллион сомдон ашык акча каражатын алууга үлгүрүшкөн. Бул алдамчылык учурлар коомчулукта чоң нааразычылык жараткан.

Кылмыштуу топту кармоону ИИМдин КИБнын, Бишкек ШИИББдин жана Октябрь райондук ИИББнын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаары боюнча атайын операциялар бөлүмүнүн жоокерлеринин күч колдоосунда жүргүзүшкөн.

Натыйжада уюшкан кылмыштуу топтун бир төп мүчөлөрү кармалган. Топтун курамында жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары болгон. Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларында кылмыштуу топтун кеңсесин тинтүү учурунда: ноутбуктар, уюлдук түзүлүштөр, уюлдук операторлордун сим-карталары, эстутум карталары (дисктер, флешкалар), банк карталары, акча каражаттары алынган.

Учурда кылмыштуу топтун бардык жагдайларын жана башка катышуучуларын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий