• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын эркин күрөш курамасы Арменияда өткөн мелдеште 4 медаль жеңди

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ереван шаарында (Армения) өткөн Лев Варданяндын жаркын элесине арналган Эл аралык мелдешинде 4 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, алардын бирөө күмүш жана үчөө коло медаль.

65 кг чейинки салмакта катышкан Билал Шарип уулу күмүш медалга ээ болсо, Владислав Никандаров (57 кг), Канат Керимбеков (70 кг) жана Алинур Тахиров (79 кг) 3-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча Армения өлкөсүнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Лев Варданяндын жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш 15-17-март күндөрү Ереван шаарынын "Динамо" спорт комплексинде өтүп, ага 9 өлкөдөн келген 140тан ашык спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий