• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызпатент жана БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлчүлүгү кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инновациялар экосистемасын жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү, жаштардын санариптик жөндөмүн кеңейтүү жаатында кызматташтыкты талкуулашты.

Р. Керимбаева ведомство тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып, биргеликте аймактарда инновациялык жана STEM борборлорун ачууну сунуштады.

Өз кезегинде Луиз Чемберлен Кыргызпатенттин ишмердигинин маанилүүлүгүн белгилеп, БУУнун өнүктүрүү программасынын аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

Пикир алышуунун соңунда тараптар мындан өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендигин билдиришип, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу жана иш-чараларды өткөрүү боюнча план түзүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий