• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экс-депутат: Элге президентти жана башкаруу формасын тандоо берилди

Коом 0

Январда өткөн референдумда кыргызстандыктар көпчүлүк добуш менен президенттик башкаруу формасын тандашты. 9-февралда Жогорку Кеңештин сайтында Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды. Баш мыйзам Конституциялык кеңешме тарабынан өткөн жылдын күз мезгилинен тарта каралып келет.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев “Кабар” агенттигине өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу комментарий берип жатып, октябрдагы төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын эли биринчи жолу өздөрүнүн тандоосун жасашканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан 30 жылдан бери теңдемделген өнүгүү жолун издеп келет.

“Эл 30 жылдан бери мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын жана мамлекетти өнүктүрүүнүн жолун издеп келе жатат. Бул аралыкта биз 3 революция жасадык. 2010-жылдагы кезектеги революциядан кийин ошондогу оппозиция парламентаризм жолу менен кетүүнү туура деп тандаган. 10 жыл аралыгында биз парламентаризмди курдук. Бирок, үмүттөр акталган жок, натыйжада өткөн жылы октябрда үчүнчү революцияга алып келди. Октябрь окуяларынан кийин элге жаңы президентти жана башкаруу формасын тандоо берилди. Эл өзүнүн тандоосун жасады”,-деди ал.

Андан ары Наргозуев президенттик башкаруу формасы киргизилген жаңы Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары көп болгону менен ага толук жоопкерчилик жүктөлөт деп белгиледи.

“Бизде биринчи жолу Конституцияда президент өкмөт үчүн жоопкерчилик алары көрсөтүлдү. Тактап айтканда, президент өкмөттү парламенттин макулдугу менен түзөт, дайындайт жана толук саясат жүргүзөт. Бул бардык күнөөнү өкмөткө жүктөгөндөн арылабыз дегенди түшүндүрөт. Эсиңиздерде болсо бизде ар жылы натыйжасыз иштегендиги үчүн өкмөт алмашат. Башкача айтканда бардык көйгөй акырындык менен өкмөткө жана премьер-министрге жүктөлө берет да, жыйынтыгында ал кызматтан алынып калып, натыйжада болгон окуяларга эч ким жоопкерчилик албайт. Эми президент жеке өзү жоопкер болуп, жеке жоопкерчилик алат. Мунун бары өлкөнү башкаруу системасын жөнөкөйлөтүп келген”,-деди Наргозуев.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий