• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Асел Чынбаева ААК68 даярдык көрүү боюнча Борбордук Азия үчүн көп тараптуу консультацияга катышты

Коом 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева аялдардын абалы боюнча комиссиянын 68-сессиясына (ААК68) даярдык көрүү боюнча Борбордук Азия үчүн көп тараптуу консультацияга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Видеоконференцбайланыш форматында өткөн иш-чарада Асель Чынбаева президенттин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында каралган Кыргызстандагы гендердик теңсиздик жана жакырчылык көйгөйлөрүн чечүүдөгү жылыштарды белгиледи.

Консультацияга БУУнун Резидент-Координаторунун милдетин аткаруучу, Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн кеңсесинин аймактык директорунун милдетин аткаруучу, ошондой эле Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.

Асель Чынбаева өз сөзүндө аялдардын жана кыздардын социалдык коргоо чараларына, жумуштуулукка жана кам көрүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган негизги чараларды белгилеп, ошондой эле аялдардын абалы боюнча комиссиянын 68-сессиясында кароо үчүн бир катар сунуштарды берди.

Консультация гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү жана аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, анын ичинде жакырчылык менен күрөшүү, социалдык коргоону күчөтүү, багуу боюнча акы төлөнбөгөн эмгек көйгөйлөрүн аныктоо жана чечүү, аялдардын жумушчу күчүнө катышуусу, ошондой эле гендердик проблемаларды эске алуу менен гендердик багытталган каржылоо жана инвестициялоо маселелерин кароого багытталган.

Бул консультациянын бардык жыйынтыктары, талкуулары жана сунуштары комиссиянын 2024-жылдын 11-22-мартына пландаштырылган аялдардын абалы боюнча 68-сессиясында “Гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү жана жакырчылык маселесин чечүү жолу менен бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик проблемаларды эске алуу менен институттарды бекемдөө жана каржылоо” темасы менен сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий