• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Евробиримдиктин атайын өкүлдөрү келди

Саясат 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Бүгүн Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала жана Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон иш сапары менен Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу ЕБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ЕБнын атайын өкүлдөрү ЕБ жана Борбор Азиянын атайын өкүлдөрүнүн Афганистан боюнча жолугушуусуна катышышат.

Мындан тышкары, атайын өкүлдөр Кыргызстандын мамлекеттик өкүлдөрү жана жарандык коом менен бир катар жолугушууларды өткөрмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий