• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия Кыргызстан менен стратегиялык өнүгүү жаатындагы тажрыйбасын бөлүшөт

Саясат 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Түркия Кыргызстан менен стратегиялык өнүгүү жаатындагы тажрыйбасын бөлүшөт. Маселе 10-февралда КР экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов жетектеген кыргыз делегациясы Түркиянын президентине караштуу Стратегия жана бюджеттик башкармалыгынын вице-президенти Кутлухан Ташкин менен жолугушуусунда талкууланды.

КР Экономика министрлигинен маалымдашкандай, жолугушууда түрк тарап стратегиялык өнүгүү пландарын, анын ичинде кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү түзүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, макроэкономикалык талдоо жүргүзүү ыкмалары, изилдөө үчүн артыкчылыктуу тармактарды аныктоо, ошондой эле уюмдун түзүмү жөнүндө маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана түрк тажрыйбасын Кыргыз Республикасында киргизүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөчү биргелешкен Жумушчу топ түзүү аркылуу өз ара аракеттенүү ыкмаларын аныктоого макулдашты.

Маалымат үчүн: Түркия президентине караштуу Стратегия жана бюджет башкармалыгы негизги саясий документтерди даярдоону, талдоо жүргүзүүнү жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды даярдоону камсыз кылып, тармактык жана тематикалык саясаттарды жана стратегияларды иштеп чыгууга жетекчилик кылат.

Кошумчалай кетсек, бул институттун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – борбордук мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, пландарды, программаларды координациялоо, ресурстарды бөлүштүрүү, бюджеттерди, саясаттарды жана стратегияларды ишке ашыруу болуп саналат.

Ошентип, бул уюмдун негизги максаты мамлекеттин тең салмактуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий