• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Айдарбеков Ирандын Кыргызстандагы жаңы элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ирандын Кыргызстандагы жаңы элчиси Саид Харрази менен жолугуп, ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана экономика, соода, инвестиция, туризм жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдүн багыттарын белгилешти.

"“Тегеран-Бишкек-Тегеран” түз аба каттамынын жандандырылуусу канааттануу менен белгиленди. Министр Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен элчи С.Харразини куттуктады жана бул жооптуу кызматта ага ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.

Элчи жылуу кабыл алгандыгы үчүн министрге ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну тереӊдетүү, анын ичинде, товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин баса белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий