• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-корей мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Корея парламентинин экология жана эмгек маселелери боюнча комитетинин төрагасы Пак Дэ Чул баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Султанбай Айжигитов жана Аманкан Кенжебаев катышты.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулап, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз кылышты.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстан Корея Республикасы менен алаканы арттырууга өзгөчө маани берерин жана Азия чөлкөмүндөгү маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карай тургандыгын белгиледи.

“Быйыл биз маанилүү окуяны - дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Мамлекеттер аралык кызматташтык эки тараптуу өнөктөштүктүн жана көп тараптуу платформалардын алкагында да жигердүү өнүгүп келе жатат”, - деген Талант Мамытов Корея тарапка өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган гранттарды бөлүп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу маселесине токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргызстан менен Кореянын парламенттеринин ортосундагы диалогду динамикалуу өнүктүрүү максатында депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин деңгээлинде өз ара иш сапарларды уюштуруунун зарылчылыгын белгиледи. Муну менен катар Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын Төрагасы Пак Бён Сок жетектеген парламенттик делегациясынын өткөн жылы Кыргызстанга уюштурулган алгачкы иш сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошумча түрткү бергенин кошумчалады.

Андан сырткары, төрага Кыргызстан Корея Республикасы менен ар тараптуу алакаларды кеңейтүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп: “Анын ичинен суу ресурстары чөйрөсүн, айрыкча суу менен камсыздоону жакшыртуу, ошондой эле Ысык-Көлдө экологиялык таза шаар куруу жана чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу артыкчылыкка ээ”, – деди.

Өз кезегинде Корея парламентинин экология жана эмгек маселелери боюнча комитетинин төрагасы Пак Дэ Чул Мамытовго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Корея Кыргызстан менен кызматташууга, анын ичинен соода, инвестиция жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берерин белгиледи. Анын айтымында, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу менен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү зарыл.

“1992-жылы Кыргызстан менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери ар түрдүү тармактарда достук мамилелер тынымсыз өнүктүрүлүүдө. Парламенттик делегациялардын өз ара иш сапарлары эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болот деп терең ишенем”, - деген Пак Дэ Чул төрага Мамытов тарабынан айтылган демилгелерди иштеп чыгууга жана кыргыз-корей мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий