• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Михаил Мишустин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Узап бараткан жылы достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелери динамикалуу өнүктү. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү бекемделди. Энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды.

2022-жыл өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык комплексин өстүрүү жана келечектүү демилгелерди баштоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Бул Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына толук жооп берет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Михаил Мишустин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады

Пикир

Оставить комментарий