• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абал туруктуу. Баткен жана Согди облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Аймак 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, бүгүн, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя, аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешти.

Ошону менен катар, эртең 8-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө Баткен жана Согди облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, окуя болгон жерде жолугушуусу пландалып, окуяны жеринде териштирүү макулдашылды.

Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алган.

Пикир

Оставить комментарий