• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүрүлгөндөр чатыр менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылында жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүрүлгөндөр чатыр менен камсыз болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Папан айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде 16-июнда ӨКМ тарабынан 10 орундуу 6 даана чатыр бөлүнүп берилип, коопсуз жерге орнотутуп берилди.

Мындан тышкары, Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан ар бир үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү эмеректер (идиш, кир жуучу каражаттар, жылытуу меши жана жууркан-төшөктөр) жеткирилип берилген.

Эскерте кетсек, 15-июнда аталган айылда эски жер көчкү көчкү жылып жаткынына байланыштуу көчу алдында калуу коркунучу бар 5 турак үйдөн 39 жаран коопсуз жайга эвакуацияланган.

Жер көчкү кайрадан активдешип, жер кыртышы 12-13 метрге чейин отура баштаган. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 00 м3 түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий