• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Жалал-Абад шаарынын бир катар райондорунда таза суу берүү токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарынын бир катар райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 21-октябрь күнү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу калаадагы Спутник жана Көк-Арт кичи шаарчаларында саат 09:00дөн 18:00гө чейин суу берүү токтотулат.

Мэрия шаар тургундарын жаралган ыңгайсыздыкты туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий