• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде коомдук жайлардын санитардык абалын текшерүү күчөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында коомдук жайлардын санитардык абалын текшерүү күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облуста өз билемдик менен той-аштардын өткөрүлүшү, жарандардын коомдук жайларда беткапсыз жүрүп, социалдык аралыкты сактабагандыгы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө шарт түзүүдө. Мындан улам, өзгөчө базарлардын, коомдук тамактануучу жайлардын жана коомдук транспорттордун санитардык абалы дыкат текшерилет.

“Атайын түзүлгөн комиссиялык топтор жер-жерлерде күн сайын 10 күн бою рейддик иш-чараларды өткөрөт. Эгерде жарандар тарабынан санитардык нормалар аткарылбай, оорунун таралуусу азайбаса облустук штаб бир катар чектөөлөрдү киргизүүнү пландап жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Текшерүүлөрдү күчөтүү өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 19-октябрда өкүл Жаныбек Жалалов облустук штабдын отурумуна катышып, облустагы абал, алдын алуу чаралары боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматын жана сунуштарын угуп, алгачкы иш күнүн облус элинин саламаттыгына кам көрүү менен баштаган.

Пикир

Оставить комментарий