• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо жардамга муктаж үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү үй берилди

Аймак 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибиятынын демилгеси менен Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл аймагындагы Баймундуз айылынын тургуну Каламбек уулу Жумабекке жаңы заманбап үлгүдөгү эки бөлмөлүү үй берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турай жай “Мискиндерди сүйүү” кайрымдуулук фонду тарабынан муктаж болгон үй-бүлөнү кубанычка бөлөдү. Үйдү тапшыруу аземине Базар-Коргон райондук хатибияты, кайрымдуулук фонддун жетекчиси Бектур Сатаров, айыл аймак имамы жана жергиликтүү тургундар катышты.

Райондук хатибияттын атынан кайрымдуулук фондго “Ыраазычылык кат” баракчасы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий