• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каттам жабылды. Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна кайрадан көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кайрадан көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Кар көчкү аталган жолдун 88-89-чакырым аралыгына түшкөн. Көлөмдөрү такталууда.

Учурда министрликке караштуу №26 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап жатышат.

Белгилей кетсек, 16-январга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, тынымсыз тазалоонун натыйжасында эртең менен саат 08:20да жол ачылып, каттам жанданган.

Пикир

Оставить комментарий