• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто рейд учурунда 49 мыйзамсыз жарнак алынып, 23 эскертүү берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.08.22./Кабар/. Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын нормаларына ылайык келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматкерлер тарабынан рейд жүрүп, “Курманжан-Датка” МАБда жана Жапалак айыл аймагында 100дөн ашык соода объектилеринин талапка ылайык келүүсү текшерилип, анда талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында 23 ишкерге тиешелүү эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр берилди. Мындан тышкары, ар кандай форматтагы жана көлөмдөгү 49 мыйзамсыз жарнак обьектилери алынды.

Мэриядан маалымдашкандай, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алган ишкерлер мыйзамдын нормаларын белгиленген мөөнөттө аткарбаган учурда аларга карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат. Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий