• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде Комуз күнү чоң салтанат менен белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Баткен шаарында 9-сентябрь - Комуз күнү жана мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган облустук деңгээлдеги чоң салтанат болуп өттү.

Облустун аймагынан чогулган 250 комузчу белгилүү кыргыз күүлөрүн чертишти.

"Ошондой эле комузду, кыргыз тилин даңктаган чакырыктар менен 1000ге жакын адам жөө жүрүшкө чыгышты. Алар жетекчилер, мекеме ишканалардын кызматкерлери, жаштар, студенттер жана окуучулар, шаар тургундары", - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Иш-чарага катышкан ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова жалпы элди куттуктап, “Илгертен комузга болгон элибиздин урмат сыйы чексиз. Комуз бул биздин Улуу маданиятыбыз жана улуу тарыхыбыз, ал эми “тилибиз биздин улуу дөөлөтүбүз, баа жеткис байлыгыбыз”, - деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий