• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар Кореяда өтө турган өспүрүмдөр Олимпиадасына катышат

Спорт 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын биатлон жана тоо лыжасы боюнча улуттук курама командасынфн мүчөлөрү Кореяда өтө турган IV Кышкы өспүрүмдөр Олимпиадасына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Конвон-2024 Кышкы өспүрүмдөр Олимпиадасы 19-январдан 2-февралга чейин Конвондо шаарында өтөт.

Кыргызстандан катыша турган спортчулардын тизмеси:

1. Тимур Шакиров-тоо лыжасы;
2. Альбина Иванова- тоо лыжасы;
3. Артур Сапарбеков- биатлон;
4. Игорь Борисов- машыктыруучу;
5. Александр Левданский- машыктыруучу.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке 70 өлкөдөн 1800 спортчу катышат. Спортчулар спорттун 7 түрүнөн, 15 дициплинада жарышышат. Алар: биатлон, бобслей, тоо лыжасы, керлинг, коньки жарышы, лыжа жарышы, трамплинден секирүү, чана спорту, скелетон, лыжное двоеборье сноубординг, муз үстүндө бийлөө, фристайл, шорт-трек, хоккей.

Пикир

Оставить комментарий