• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан – Россиянын футболдук беттеши: билеттер сатыкка чыкты

Спорт 0

Бишкек, 22.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Россиянын командасы менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн 24-сентябрда саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Беттештин билеттери сатыкка коюлду. Бүгүн, 22-сентябрда түнкү саат 00:00гө чейин билеттер 50 пайыз арзандатуу менен сатылат. Онлайн билеттерди iticket.kg расмий сайтынан алса болот.

Билет баасы:
- Чыгыш трибунасы: 350 (700) сом;
- Батыш трибунасы: 500 (1000) сом.

Оффлайн билеттерди сатуу пункттары: (10:00дөн 22:00гө чейин)

- Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында;
- "Дордой Плаза 2" соода борборунда;
- ”Vefa” соода борборунда;
- "Космопарк" соода борборунда.

Пикир

Оставить комментарий