• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашык спортчу катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Жыйынтык:
89 кг
1-орун Ынак Жээнбеков (РСК);
2-орун Ибрахим Момунов (РСК);
3-орун Эрзат Жумахунов (Токтогул)
96 кг
1-орун Ислам Касенов (РСК);
2-орун Темирлан Анарбаев (Токтогул);
3-орун Абдурахман Мамадалиев (Баткен).
102 кг
1-орун Олег Шептунов (РСК);
+102 кг
1-орун Элдар Төлөмүшов (РСК).

Эскерте кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий