• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде селдин нугуна курулган турак жайлар алынат

Аймак 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Баткенде селдин нугуна курулган турак жайлар алынат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткен облусунун аймагында сел келген аймактарды кыдырып, жеринде ӨКМдин Мониторинг департаменти, шаардык мэриянын кызматкерлери менен кошо тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, кечээ, 5-май күнү нөшөрлүү жааган жаандан улам Лейлек району, Сүлүктү жана Раззаков шаарында сел жүргөн. Бүгүн табият кырсыгынын кесепеттерин жоюуга, жөнгө салууга жалпы 43 куткаруучу тартылып, Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барышты.

Пикир

Оставить комментарий