• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаардык ИИБсинин тергөө кызматына жаӊы жетекчилер дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жаӊы жетекчилер дайындалды.

Ош ШИИБсинин басма сөз кызматы билдиргендей, укук коргоо органдарын реформалоо иш-чараларынын алкагында жетекчилик курамды ротациялоо иретинде ички иштер министринин буйругуна ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына Улан Жукенов дайындалды. Ал буга чейин Чүй ОИИББнын тергөө кызматынын начальниги кызматын аркалап келген.

Министрдин дагы бир буйругунун негизинде Ош ШИИБнын тергөө кызматынын начальниги болуп Данияр Иманакунов дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл ОИИБнын тергөө кызматынын начальниинин орун басары болгон.

Бүгүн жаӊы дайындалган жетекчилер өздүк курам менен тааныштырылды.

"Ош шаарлык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча мурдагы орун басары Абилбек Алимкулов жана тергөө кызматынын мурдагы начальниги Алмазбек Кадыров Ош шаардык ИИБнын карамагына алынды, аларды жакын арада жаӊы кызматка дайындоо каралууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий