• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы акциздик маркаларсыз 2 миңден ашуун таңгак тамекини тартып алды

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки буюмдарын акциздик маркасыз мыйзамсыз сатууну аныкташты жана бөгөт коюшту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында чет өлкөдө өндүрүлгөн акциздик маркасыз 1500 таңгак, Ош облусунун Өзгөн районунда 836 таңгак тамекини сатуу фактысы аныкталды.

Ишкерлерде сатылып жаткан продукцияга карата уруксат берүүчү бардык документтери (шайкештик жөнүндө декларация, товардык-транспорттук коштомо кагаз, эсеп-фактура ж.б.) жок болгон.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 миң 336 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий