• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каракол шаарынын мэриясы гуманитардык жардам тарата баштады

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Бүгүн 24-апрелден тарта Каракол шаарынын мэриясы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жарандарга гуманитардык жардам тарата баштады. Гуманитардык жардамдын биринчи бөлүгү 10 миң 150 үй-бүлөнүн ичинен 1 миң 500үнө берилет.

Азык-түлүк баштыгына кийинки азыктар кирген:

- Өсүмдүк майы – 5 литр,

- Кумшекер – 1 кг,

- Күрүч – 1 кг,

- Чай – 1 таңгак,

- Туз – 1 таңгак,

- Макарон – 5 кг.

Пикир

Оставить комментарий