• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык боксчу Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Зафарбек Камалов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу мелдешке 51 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште Тажикстандын мушкери Мерож Суфижоновду 5:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда ирандык спортчу Каземи Мехти 5:0 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалдык беттеште монголиялык Энкхтур Тугсбилегди эки раунддун жыйынтыгы менен уткан.

Алтын медаль үчүн беттеште индиялык Арянга жеңилип, жыйынтыгында Зафарбек Камалов жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий