• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар Дүйнөлүк уруш өнөрлөрүнүн оюндарында өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөттү

Спорт 0


Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы Түштүк Кореяда өткөн Дүйнөлүк уруш өнөрлөрүнүн оюндарында 6 медаль багындырышты. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган спорттун жеңүүчүлөрү айтып беришти.

Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Урмат Асанбаевдин айтымында, Чунгджу шаарында 27-августтан 2-сентябрга чейин өткөрүлгөн турнирге 30 өлкөдөн 120 спортчу катышкан. Мекендештерибиз 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль утушкан.

Алыш күрөшү боюнча Улуттук федерациянын президенти Акылбек Эшимовдун айтуусунда, биринчиликти Мадаминбек Шаршеналы уулу (80 кг чейинки) жана Нагира Сарбашова (65кг жогору) алган. Күмүш байге Нурзат Бактыяр кызы (65 кг чейинки) жана Камолиддин Абдурахимовго (80 кг жогору) татыган. Үчүнчү орунга Элзада Момунжанова (55 кг чейинки) жана Элдияр Сексенбаев (70кг) илинген.

Алтын медалдын ээси Сарбашова билдиргендей, турнирдин эң оор беттеши Сербиянын спортчусу менен кармашканы болгон. Анткени, ал экөө Ысык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында күч сынашып, кыргызстандык спортчу утулуп калган.

"Мен Түркия жана Польшанын күчтүү кыздары менен күрөштүм. Мени тынчсыздандырган Сербиянын спортчусу эле, бирок биринчи кармашууда жеңиш мен тарапта болду. Кийинки күнү казак күрөш болгондо да аны жеңип алдым", - дейт алтын медалдын ээси.

Сарбашова 8 жылдан бери алыш күрөшү менен машыгып келет, буга чейин дзюдо менен алектенип келчү.

Күмүш байге жеңген Бактыяр кызы Нурзат 8 жылдан бери күрөш менен алектенип келет.

"Мен 8 жылдан бери күрөш менен машыгып келем. Турнирде 2-орунду алдым, өзүмдүн каталарымды карап чыктым. Келечекте андан арылууга аракет кылам. Өзүмө кийинки турнирде алтын утам деп максат койдум. Машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем. Биз кармашып жатканда колдоп, тынчсызданып жатты", - деди Бактыяр кызы Нурзат.

Башкы машыктыруучу Мирбек Карабаев спортчулар күчтүү балбандарды жеңип, өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөткөнүн айтып өттү. Анын айтымында, дүйнөдө алыш күрөштүн белгилүүлүгү артып, 40 өлкөдө анын федерациясы ачылган.

Пикир

Оставить комментарий