• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан: Кытай менен биргелешкен 15 долбоор иштеп жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. 5-сентябрда Казакстан премьер-министринин орун басары Женис Касымбек учурда өлкөдө казак-кытай биргелешкен 15 долбоор иштеп жатканын билдирди.

Вице-премьердин айтымында, индустриализация программасынын алкагында жалпысынан 55 долбоор ачуу пландалууда:

— 3,9 миллиард долларга бааланган 15 долбоор айыл чарба, металлургия, химиялык өнөр жай, мунай жана газ, транспорт жана логистика тармактарында иштеп жатат. Бул долбоорлордун алкагында 4 миңден ашуун жумуш орундары түзүлдү. Жумушчулардын 95% – казакстандыктар.

Ал Jac автоунааларын чыгарып жаткан «СарыаркаАвтоПром» компаниясын мисал келтирди.

Казак өкмөтү жыл соңуна чейин дагы беш долбоорду ишке киргизүүнү пландоодо.

Женис Касымбек «Кытайдын эски заводдору Казакстан аймагына көчүрүлүп келүүдө» деген сөздөрдү четке кагып, долбоорлордун баары жаңы экенин кошумчалады.

2-сентябрда Жаңы-Өзөн шаарында жүздөгөн кишилер акимчилик имаратынын алдына чогулуп, агрокомплекс жана өнөр жай тармагында кытай-казак биргелешкен 55 ишкананын курулушуна каршы чыгышкан. Алар президент Касым-Жомарт Токаевден 11-12-сентярда Кытайга пландалган сапарынан баш тартууну талап кылышкан. Каршылык акциялары 3-4-сентябрда да уланган.

Жаңы-Өзөн тургундарын Казакстандын башка шаарларынын активисттери да колдошкон.

Кытай Казакстанга эң көп инвестиция салган төрт мамлекеттин, ошондой эле эң көп карыз берген үч өлкөнүн бири. Нур-Султандын Кытайдын алдындагы жалпы карызы 12 миллиард доллардан ашык.

Пикир

Оставить комментарий