• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азиаданын жабылышында Бердымухамедов өз рекордун жаңыртат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. Азиаданын уюштуруучулары оюндардын жабылуу аземинде өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовго өз рекордун жаңыртууга мүмкүндүк түзүп берүүгө ниеттенип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өз булактары кабарлашкан.

Булактын билдиришинче, жергиликтүү уюштуруучулар оюндардын жабылуу салтанатын көрүнүктүү кылуудан тышкары, президентке өзүнүн 2 жыл мурдагы рекордун жаңыртууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө ниеттенип жатышат. Маалыматка караганда, анда мамлекет башчы өзүнүн «Ядымда» («Эсимде») деген лирикалык ырын аткарып, аны 7,5 миң киши коштоп ырдайт.

«Чет өлкөлүк адистерге бул идея анча жаккан жок, бирок алар аны кабыл алууга мажбур болушту, анткени келишим боюнча жергиликтүү уюштуруучулар биринчи жолу сценарийге каалаган өзгөртүүлөрдү киргизе алышат», - деди булак.

2015-жылы ноябрда Мары шаарындагы концерттик залдын салтанаттуу ачылышында өзүнүн “Алга, алга жана алга, мекеним, Түркмөнстан!” деген ырын аткарган Бердымухамедовду коштоп төрт миңге жакын киши ырдаган. Анда китеп Гиннестин рекорддор китебине кирип, Уруш искусстволору боюнча жабык имараттарда өтүүчү V Азия оюндарынын расмий гимни болуп тандалган.

Пикир

Оставить комментарий