• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан Казакстандагы нааразылык акцияларынан улам Актауга аба каттамдарын токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Uzbekistan Airways авиакомпаниясы буга чейин нааразылык акциялары өткөн Актауга каттамдарын токтотконун бүгүн компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

“Актау эл аралык аэропорту эл аралык каттамдарды кабыл алуу жана берүү үчүн жабылганына байланыштуу Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын 2022-жылдын 5-январына Ургенч – Актау – Ургенч багыты боюнча пландалган үзгүлтүксүз каттамдары токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Бул каттам боюнча каттамдардын күндөрү кошумча жарыяланат. Жок кылынган каттамдардын жүргүнчүлөрү сатып алган жеринде билеттин толук баасын кайтарып алууга же каттамдар кайра башталгандан кийин каалаган датага акысыз кайра брондоого укуктуу.

Буга чейин Казакстандын батышында автоунаа газынын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталып, көп өтпөй өлкөнүн башка аймактарын да каптаганы маалымдалган. Нааразылык акциялары Нур-Султан, Караганда, Атырау, Орал, Талдыкорган, Кызылорда жана Шымкентте да башталды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн эртең менен массалык нааразылык акцияларынан улам республиканын өкмөтүн отставкага кетирүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Пикир

Оставить комментарий