• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Генералдар клубунун мүчөлөрү ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-январда КРнын Ички иштер министрлигинин Генералдар клубунун мүчөлөрү министрликтин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, мүчөлөрү Бексултан Ишимов, Курман Кубатбеков, Абдылда Суранчиев, Кемелбек Киязов, Алымбай Султанов жана Абдукапар Мавлянов катышып, министрликтин жаңыланган нөөмөт бөлүгү, ыкчам кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана ага жараша чечимдерди кабыл алуу кырдаалдык борборунун приоритеттүү багыттары жана министрликтин басма сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Ыкчам кырдаалдарга байкоо жүргүзүү борборунан республиканын бардык аймактарындагы коомдук тартипти камсыз кылуунун абалы жана коомдук жайлардагы, шаарларда, район борборлорунда, базарлардагы, көчөлөрдө, посттордо коомдук тартипке толугу менен видеокөзөмөл жүргүзүп, ар бир өзүнчө кырдаал боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар экендиги менен да кеңири таанышып чыгышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков келген конокторго жаңы жылдык майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан коомдук–саясий жана криминалдык абалдын милиция тарабынан толук көзөмөлгө алынып жаткандыгын баса белгилеп жана ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын комплекстүү багыттары менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Генералдар клубунун мүчөлөрү ИИМдин кырдаалдык борборунун мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде түз байланышка чыгуу менен борборубузда жана региондордогу абалга көзөмөлдөп, ыкчам чечим калбыл алууга шарттар түзүлгөндүгү көрсөтүлдү.

Мындан сырткары, коноктор ИИМдин басма сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен да жакындан таанышып, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө басма сөз кызматынын негизги багыттары менен кеңири таанышты.

"Басма сөз кызматынын студиясы, социалдык түйүндөр менен иштөө принциптери, техникалык жабдуулары жана ар тараптуу багыттарына байкоо жүргүздү. Ал коомубузда, айрыкча Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгы, элге жакындыгы, адам укуктарынын сакталышы сыяктуу маанилүү приоритеттерге өзгөчө көңүл буруу менен бирге интернет мейкиндигиндеги бардык басылмалардын, басма сөз каражаттарынын, социалдык түйүндөрдүн коомдук тартипти сактоо багытындагы суроо-жоопторуна, ар кыл чакырыктарына карата маалыматтарынын акыйкаттыгын ыкчам камсыз кылуу багытында жогорку деңгээлде иш жүргүзүү милдеттери жүктөлүп, учурдун талабына жооп бере турган түзүм болооруна ишеничин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий