• 88.68
  • 95
  • 0.95

19-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Эртең, 19-июнда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34,

Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 25...30,

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий