• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда эки жылда 18 миңге жакын адам мамлекеттик социалдык заказ аркылуу кызмат алышты

Коом 0

Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда эки жылда 18 миңге жакын адам мамлекеттик социалдык заказ аркылуу кызмат алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрлик жыл сайын ар кандай категориядагы жарандарга мамлекеттик социалдык заказ аркылуу кошумча социалдык кызматтарды көрсөтөт.

Мамлекеттик заказды ишке ашыруу 2022-2026-жылдарга Мамлекеттик социалдык заказ программасынын алкагында ишке ашырылат. Коомдук пайдалуу долбоорлорго сынак жарыялоо Минитсрликтин сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында жайгаштырылган.

Мамлекеттик социалдык заказ коомдук-пайдалуу долбоорлор аркылуу майыптуулугу бар чоңдорго жана балдарга, улгайган жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана балдарга, жумушсуз жаштарга жана башкаларга жардам берүүчү өкмөттүк эмес уюмдарга конкурстук негизде каржылоону алууга мүмкүндүк берет.

Жыл сайын республикалык бюджетте кризистик борборлорду колдоо, жумуш орундарын түзүү, социалдык ишкердикти өнүктүрүү, жеке ассистенттерди окутуу, салттуу кол өнөрчүлүктү колдоо жана башкаларга 48,7 млн сомго чейин каралат.

Мамлекеттик колдоонун аркасында эки жылдын ичинде 18 миңге жакын адам социалдык кызматтарды алышты.

Пикир

Оставить комментарий