• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шаардык кызматтар борборду жакшыртуу иштерин жүргүзүшүүдө

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Шаардык кызматтар борборду жакшыртуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Саадаев көчөсүндө “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы суу түтүктөрүн алмаштыруу иштерин аяктап жатышат.

Мындан тышкары, “Кызыл курулушчу” конушунда Сарычелек көчөсүнөн Анжиян көчөсүнө чейин жалданма компания жол бетин түздөө иштерин жүргүзүп жатат.

Учурда Наманган көчөсү жабык. Бул конушта жыгач таянычтарды темирден жасалгандарына алмаштыруу жүрүүдө.

“Ак-Тилек” конушунда жолдорго шагыл төгүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий