• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 15-мартты – Аталар күнү деп жарыялоо сунушталды

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев Кыргызстанда 15-мартты – Аталар күнү деп жарыялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, демилге коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын тааныйт, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталып, балдарды тарбиялоодо аталардын активдүү катышуусун колдойт.

Белгилей кетүүчү жагдай, мыйзам долбоорлорунда сунушталган Аталар күнү эс алуу күнү болуп эсептелбейт.

Пикир

Оставить комментарий