• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө жол инспекторлору бейтапты ооруканага жеткирүүгө көмөк көрсөтүштү

Коом 0


Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бейтапты ооруканага жеткирүүгө көмөк көрсөтүштү.

Милициянын маалыматына караганда, кун мурун, 29-апрелде болжол менен саат 03:00 чамаларында кырсыктарды алдын алуу жана болтурбоо максатында өткөрүлүп жаткан "Рулда" рейдинин алкагында жол инспекторлору Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 8-чакырымында "Ауди" үлгүсүндөнгү унааны токтотушкан. Айдоочу унаадагы жүргүнчүнүн ден соолугу начар экенин айткан.

Кызматкерлер ошол замат бейтапты Республикалык оорукананын хиругия бөлүмүнө коштоо менен жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий